Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

А.Батырканов: “Макмал алтын” комбинатынын жумушчуларынын иш таштоо ниети жок


Бул тууралуу аталган комбинаттын директору Абдыраим Батырканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта комбинаттын эмгек жамааты күндөгүдөй эле өздөрүнө тиешелүү жумуштарында иштеп жатышат.

“Алардын арасынан бирөө-жарым иш таштоо тууралуу ниетин же администрацияга нааразылыгын билдиришкен жок. Жумушчулар эки айдан бери эмгек маяналарын убагында алып, комбинат киреше таба баштады” деди А.Батырканов.

Ал ошондой эле “Макмал алтын” кенин жетектеп туруп, К.Бакиевдин убагында кызматтан алынып 9 ай бош жүргөнүн, 7-апрель ыңкылабынан кийин тогузторолуктардын колдоосу менен кайра директор болуп дайындалып, учурда комбинатта иш жанданганын белгиледи.

Бүгүн Казармандан Шайбек Арзыматов менен Адамкалый Түмөнбаев “Азаттыкка” келип, “Кыргыз алтындын” президенти Алмазбек Жакыповду кызматтан алуу талабы менен президент Роза Отунбаевага кайрылышканын, алардын талабы аткарылбай жатканынан улам эртең “Макмал алтында” иш таштап, комбинатты жабышарын билдиришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG