Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Апрель-июнь айларында жабыркаган ишкерлерди колдогон декреттер чыкты


Президент Роза Отунбаева апрель жана июнь айларында жабыр тарткан ишкерлерди колдоо иретинде бир катар декреттерге кол койду. Ага ылайык бул аралыкта жабыр тарткан ишкерлер бажы жана социалдык төлөмдөрдөн алты айга бошотулмакчы. Мындай мүмкүнчүлүктөрдөн Экономикалык жоготууларды эсептеген мамлекеттик комиссиянын тизмесине кирген ишкерлер гана пайдалана алышмакчы. Ошондой эле дагы бир декрет менен мурда салык төлөй албай, мамлекетке да карыз болуп, ошол эле маалда апрель жана июнь айларында жабыркаган ишкерлердин карызын жокко чыгаруу да каралган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG