Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Оштун тургуну бир айдан бери Өзбекстанда кармалууда


29 жаштагы Жоомарт Абдыкеримовду 24-июнь күнү өзбек жоокерлери кармап кетишкен. Ал Ош-Бишкек жолу менен жүрүп келатып, Шамалдуу-Сай шаарчасына жакын Коон-базар деген жерге түшкөн. Түшкү саат экилерде дааратканага баратканда кармалган. Жол четинде эки-үч үйдөн башка эч кандай белги болгон эмес, чек ара аймагы деген да эскертүү тактайы жок. “Мурда да ушул жерден кыргызстандык көп жарандарды өзбекстандык жоокерлер кармап кетишкенин уктук” деп билдирди Жоомарттын жакын тууганы.

Шамалдуу-Сай чек ара отряды Ж. Абдыкеримов мамлекеттик чек араны бузган деген шек менен өзбек чек арачылары тарабынан кармалганын тастыктады. Аны тез арада бошотуп, мекенине кайтаруу тууралуу расмий кат Өзбекстандын чек ара кызматына жөнөтүлгөн. Бирок азырынча жооп боло элек. Бул тууралу Жалал-Абад облус губернатору менен Улуттук коопсуздук кызмтына да билдирилген. Ж. Абдыкеримов Өзбекстандын чек ара кызматында же ички иштер бөлүмүндө отурат” деген такталбаган маалыматтар бар. (YA)

XS
SM
MD
LG