Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Жалал-Абадда элдик дипломатия түзүүнү колдоп чыгышты


Шаардык жыйында июнь айындагы башаламандыкта жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн элдик дипломатия топторун түзүү, ал топторго аксакалдар менен жаштарды жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн тартуу маселеси козголду. Анда жабыркаган ар бир 10 үй-бүлөдөн турган топту куроо, ага шаардагы төрт кичи райондордун ар биринен элдин арасында кадыр барктуу үчтөн адамды сунуш кылуу ою жактырылды. Мэриянын басма сөз кызматы 29-июлда маалымдагандай, жабырлануучулардын өзүнөн куралган топтун башчысы жапа чеккендерге туура маалымат жеткирүү максатында Жалал-Абад , Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын облустагы өкүлчүлүгү менен бирге иштешет. Топко кирген аксакалдар менен жаштар жана бейөкмөт уюмдар күн сайын шаардагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу жана жабырлануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү. Буга дейре шаар башчы М. Жээнбеков облуста катталган май-июнь айларындагы тополоңдо Жалал-Абад шаарында 192 турак-жай өрттөлгөнүн, үйлөрүнөн айрылган адамдарга чатыр, төшөнчү, азык-түлүк жана башка кайрымдуулук жардамдары таратылганын журналисттерге билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG