Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Шамшыбек Мамыров: ЕККУнун полициясынын пайдасы көп


Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция тобунун Кыргызстандын түштүгүнө киргизилишине каршы митинг, 26-июль
Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция тобунун Кыргызстандын түштүгүнө киргизилишине каршы митинг, 26-июль

Кыргызстанга келери күтүлүп аткан ЕККУнун полициясынын айланасындагы талаш-тартыш маселе тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Ички иштер министрлигинин илимий изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров жооп берди.

- ЕККУнун полициясынын Кыргызстанга келүү маселеси чечилип калды. Бул эл аралык полициячылардын Кыргызстан үчүн эң негизги пайдаларын айтып өтсөңүз.

Шамшыбек Мамыров: Тактап кое турган нерсе, кыргыз өкмөтүнүн жетекчилиги коогалаң болуп кеткенден кийин дүйнөлүк коомчулукка кайрылганда ЕККУнун туруктуу кеңеши полициялык кеңеш тобун жиберүү боюнча чечим кабыл алган. Алар 22-июлга аны тастыктап кабыл алышты. Анын Кыргызстанга келүү боюнча атайын меморандум даярдалып атат. Ошого өкмөт жана ЕККУ тарабынан кол коюлган күндөн кийин гана бул маселени чечилди деп айтсак болот. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги тиешелүү иш чараларды көрүп атат.

Бул Ички иштер министрлигине милдеттендирилгенден кийин пайдалуу жагын да, терс жактарын да баамдап көрүп атабыз. Полициялык кеңеш тобунун келишинин пайдалуу жагы бизде Ички иштер органдарына болуп аткан кандайдыр бир деңгээлде ишенбөөчүлүктү жокко чыгарат эле. Ушак айың, тергөө иштери бир жактуу болуп атат дегендин баарын тең төгүндөп таштайт эле. Укук коргоо органдарынын ишинде кандайдыр бир деңгээлде айкындыкты, калыстыкты камсыз кылат эле.

Дагы бир жагы Кыргыз мамлекети өзүндөгү бүгүнкү күндө болуп аткан кемчиликтерине карабастан дүйнөлүк коомчулук менен аралашып иштөөгө даяр экени билинет. Орусия, Казакстан ЕККУнун мүчөлөрү. Казакстан быйыл ага төрага. ЕККУга 56 мамлекет кирет. Көпчүлүгү бул Батыш Европа менен Америка экен деп ойлоп атат. Ошон үчүн дүйнөлүк аренада да Кыргызстан бүгүнкү кемчиликтерине карабастан кызматташууга даяр экенин билдирген бир белги болот. Адам укугун коргоо боюнча дүйнөлүк стандартка чыгабыз деген оюбуз бар.

- Терс жактары кандай?

Шамшыбек Мамыров: Полиция кеңеш тобунун келиши бир эле ички иштер органдарына тиешелүү эмес, угармандар, жалпы эл укса жакшы болот эле, бул бүт башкаруу органдарына, башка укук коргоо органдарына тиешелүү нерсе болуп калат. Эгер кандайдыр бир деңгээлде калыстык менен иштебесек, өзүбүздүн кесиптик төмөндүгүбүздү көрсөтсөк, туура эмес формаларды, терс жактарды көрсөтсөк, ошонун бардыгы тең аларга да белгилүү болуп калат.

Ошон үчүн чын эле апрель ыңкылабы болду деп, жалпы демократиялык, чындык, калыстык багытына, мамлекеттин келечеги деп өнүксөк, анда ошол жакты карап иш кылыш керек. Тескери жактарыбыз чыкпашы үчүн ошолорду жоюшубуз керек.

- Ушул тапта эл аралык полициячылардын Кыргызстанга келүүсүнө каршы митингдер өтүп атпайбы. Өлкө жетекчилиги да айтып келет, ушундай кырдаалда мамлекетти чайкап аткан күчтөр да бар деп. Ошол 51 адамдан турган эл аралык полициячылар келсе, алардын коопсуздугун сиздер камсыздай аласыздарбы? Жанагы айтылып аткан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпейт дегенге кандай кепилдик бар?

Шамшыбек Мамыров: Азыр эркин мамлекетпиз, эркин коомбуз, демократия деп айтып атпайбызбы. Ар бир адам өзүнүн оюн айтууга укугу бар. Тескери ой болсо да ошону баалап көрүш керек, бул ой эмнеден келип чыгып атат, бул маалыматтын жетишпегениненби, ошону түшүнбөйбү, билбей атабы, же кандайдыр бир күчтөр, өзгөчө кээ бир саясий багыттагылар шайлоонун алдында келатканда ошону добуш алыш үчүн кылып атабы. Ушунун баарын баалап көрүш керек.

Албетте элдин оюн эсепке албай койгонго да болбойт. Биз 20 жылдык өнүгүүдө элдин оюн, сезимин эсепке албай атып кайра-кайра бир нерсеге кабылып атпайбызбы. Ошон үчүн бул боюнча тиешелүү маалымдоо иш-чараларын өткөрүш керек, алар менен жолугуш керек.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG