Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Укук коргоочулар кеңеши: ЕККУ полициясынын милдети так түшүндүрүлүш керек


Кыгызстандын Укук коргоочулар кеңеши өлкө бийлигин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандын түштүгүнө келе турган полиция тобунун милдеттерин ачыктап, түшүндүрүүнү сунуштап жатат. Алар мындай билдирүүнү бүгүн таратышты. Укук коргоочу Бурул Макенбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, конфликт болгон аймактарда милицияга ишеним азаят, ушуну бийлик жакшылап элге түшүндүрүшү керек.

“ЕККУнун кеңеш берүүчү тобу Кыргызстанга июнь айында болгон этникалык араздашуунун кайра болуп кетүү коркунучуна көмөк көрсөтүп, калктын милицияга болгон ишенимин кайтаруу максатында келип жатат. Мындай жардам бир гана түштүккө эмес, улут аралык жаңжалдын элементтери байкалган жана тартип коргоо органдары менен калктын ортосундагы келишпестиктер орун алган өлкөнүн башка аймактарга да керек”, - деп жазылат билдирүүдө. Б.Макенбаеванын айтымында, бул багытта башка айрым облустардан да ЕККУнун мындай жардамын сураган миңдеген адамдын колу бар. Мындан сырткары Укук коргоочулар кеңеши өлкөгө ЕККУнун полиция тобунун келиши менен калктын ар кандай жагдайда кооптонуусу басаңдай тургандыгын жана бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтат.

Кыргызстанда буга чейин ЕККУнун полиция тобунун киришине каршы бир канча нааразылык акциялары өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG