Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

“Революцияны коргоо” кыймылы бийликке 8 талап койду


“Революцияны коргоо, бийликти тазалоо” кыймылынын бүгүн өткөн биринчи курултайында өлкөдөгү саясий-коомдук абал талкууланып, бийликке сегиз талап койгон резолюция кабыл алынды. Анда мамлекеттик бийликти тазалоо жөнүндө декрет кабыл алуу, мурдагы президенттер А.Акаев, К.Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана алардын кызыкчылыгын коргогон бардык жетекчилерге шайлоого катышуусуна жана жогорку кызматтарга коюулушуна тыюу салуу, шайлоо убагында талапкерлердин кызматтык, жеке, саясий, коомдук ишкердигин ачык чагылдырылышы сыяктуу талаптар коюлду.

Мындан сырткары аталган кыймыл мамлекеттик кызматкерлерди коомчулук тарабынан тескөө үчүн Элдик көзөмөл комитетин түзүүнү, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу кагылыштын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап жазалоо жана ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө тыюу салуу боюнча да талаптарын билдиришти. Мындай талаптар президент Роза Отунбаеванын атына жөнөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG