Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Июнь окуяларын иликтей турган Улуттук комиссия өз ишин баштады


"Азаттыктын" аймактык кабарчысынын маалымдашынча, Абдыганы Эркебаев башында турган комиссиянын отузга чукул мүчөлөрү бүгүн Ош областынын губернатору Сооронбай Жээнбеков жана облустун укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Алар Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл өкмөттөрүндө болушту.

Июнь айындагы этностор аралык араздашууга алып келген коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссия мүчөлөрү жеринен иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн 28-июлда Ош жана Жалал-Абад шаарларына жөнөп кетишкен. 36 адамдан турган комиссия курамы бир канча багыттар боюнча иш алып барып, ушул жылдын аягына чейин жалпыланган корутундунун негизинде окуяга саясий баа берилмекчи. (AzK)

XS
SM
MD
LG