Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Бириккен Араб Эмираттары БлекБеринин айрым кызматтарын токтотууда


Өлкөнүн Телекоммуникацияларды Тейлөө кеңсеси билдиргендей, чөнтөк телефону менен смарт-фон, же акылдуу телефондун жетишкендиктерин бириктирген бул жабдыктын башкы кызматтарына октябрдын башынан тартып чектөө киргизилет. Кеңсеге ылайык, өкмөт бул кызматтарды көзөмөлдөй албагандыктан, БлэкБеринин месенжер, электрондук почта жана электрондук издөө кызматтары токтотулат. Порнография, жылаңач адамдардын сүрөттөрү жана айрым саясий сайттар өңдөнгөн интернет материалдарды алып салуу үчүн жооп берген бул агенттик өткөн аптада БлэкБеринин кызматтары «тескери» максаттарда колдонулушу мүмкүн деп эскерткен. БлэкБерини канадалык Research in Motion компаниясы мындан 10 жыл мурда ойлоп тапкан.

XS
SM
MD
LG