Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

“Жашылдар” ИИМдин кадрдык саясатын айыптады


“Жашылдар” партиясы Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Ж.Жоробековдун кайра башка чоң кызматка дайындалышына каршы билдирүү таратты.

Анда Ж.Жоробеков Петровка окуяларына байланыштуу чуудан кийин кызматынан алынганы, ага байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия Ж.Жоробеков баштаган тартип сактоо органдарынын иштеринде укук бузууларды, мыйзам бузууларды тапканы, бирок ага карабай ИИМдин азыркы жетекчилиги аны Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин оперативдүү иштер боюнча орун басары кылып дайындаганы айтылат.

Буга байланыштуу “Жашылдар” партиясы өкмөттөн жана ИИМ жетекчилигинен Ж.Жоробековдун дайындалышы боюнча чара көрүүнү талап кылып, эгер бул ката үч күн ичинде оңдолбосо каршылык акцияларын уюштурарын билдирди.

Эскерте кетсек, 2009-жылдын 26-апрелинде Москва районунун Петровка айылында массалык баш аламандык орун алып, жергиликтүү тургундар 4 жашар орус кызды зордуктаган деген шек менен күрд тектүү жаранды айыптап чыгышкан. Натыйжада көчөгө чыккандардын ичинен бир катар адамдар кармалып, убактылуу абактарга отургузулган. Алардын арасында “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев да бар болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG