Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Чечен кол башчысы Доку Умаров мураскер дайындады


Орусиядагы бейрасмий интернет булак чечен козголоңчулардын кол башчысы Доку Умаров ордуна мураскер катары Асламбек Вадаловду дайындаганын маалымдайт. Kavkazcenter.com сайты Умаров мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алгандыгын жана кол башчылыктан кеткендигине карабастан «жаңы жетекчиге жардам берип, жихадды шыктандыра берерин» жазат.

Умаров жекшембиде интернет булактарында тараган видеодо мындай дейт: «Мен Кавказ эмиратынын эмирлигинен чегинип жатам. Жаңы дайындалган биздин боордошубуз Асламбек Вадалов – жаш, дарамети күчтүү жана ал башка натыйжага жетишүүгө аракеттенет. Бирок бул мен жихаддан баш тарттым дегенди түшүндүрбөйт. Кудай буйруса, мен көсөм мужахиддин катары колдон келген бардык нерсени сөзүм жана ишим менен уланта берем.»

АКШ Доку Умаровду террорчулардын кара тизмесине илген. Умар 29-мартта болгон бери дегенде 40 адамдын өмүрүн алган Москва метросундагы жарылууну жана башка бир катар кол салууларды уюштурган деп саналат.

XS
SM
MD
LG