Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Шанхайда Кыргызстандын күнү белгиленүүдө


Бүгүн Кытайдын Шанхай шаарында, “ЭКСПО 2010” деп аталган бүткүл дүйнөлүк жарманкеде Кыргызстандын улуттук күнү белгиленүүдө. Шанхайдагы Кыргызстандын улуттук күнү өлкө туусун көтөрүү жана гимнин ырдатуу менен ачылды. Иш-чарага Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин жана Кыргызстандын Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев баштаган адамдар катышышты. Эки өлкөнүн делегация башчылары андан соң жарманкедеги Кыргызстан менен Кытайдын павильонуна барышты.

Айта кетсек, жарманкедеги Кыргызстандын павильону улуттук колоритте жасалгаланган. (IJz)

XS
SM
MD
LG