Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

У.Барктабасов Балыкчыны көздөй качты


Балыкчыдан Бишкекке келаткан Урмат Барктабасовдун тарапкерлерин Бишкектин кире беришиндеги “Киршелк” бекетинен күч органдары токтотуп калышкан болчу. Кийинчерээк У.Барктабасов менен сүйлөшүүгө барган ырасмий адамдар аны аркасына кайтууга көндүрө алышкан эмес эле.

15:20 ченде У.Барктабасовдун тарапкерлери арасынан күч органдарына таш ыргытылып, чогулгандарды кууп-таркатуу операциясы башталган. Ушул тапта “Киршелк” бекетине эки тараптан тең жакындап келишкен У.Барктабасовдун тарапкерлери толук куулду. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, Балыкчыдан келаткандар түшкөн айрым кичи автобустары колго түштү. Сооттолгон аскердик унааларга түшкөн атайын бөлүктүн аскерлери - эл жашаган аймактардан баш аламандык уюштургандарды тазалоо үчүн Кемин шаарчасына чейин кыдырып жүрүшөт. Ал эми курултайчыларды баштап келаткан У.Барктабасов өзү тез ылдамдыктагы “жип” унааларынын коштоосунда Балыкчы тарапты көздөй качууга үлгүрдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG