Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Иран НАТОго каршы аймактык альянс түзүлүшүн көздөйт


Өлкө президенти Махмуд Ахмадинежаддын бүгүн Ооганстан менен Тажикстандын лидерлерине айтканына караганда, бул үч коңшу өлкө чет элдик аскерлер аймактан кеткенде НАТОго Азияда тең салмак түзө алмак. Ахмадинежад ага катар бул үч өлкө экономикалык жана коопсуздук жаатындагы алакаларын чыңдоосу керектигин белгиледи. Тажик жана ооган президенттери Тегеранга перси тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышуу үчүн барды. Мындай жыйын акыркы эки жылдан бери төртүнчү ирет өтүп жатат. Ахмадинежад чет элдик аскерлерди аймактан кетүүгө үндөдү. Иран, тажик жана ооган президенттери экономика, соода, транспорт чөйрөлөрүндө кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты.

XS
SM
MD
LG