Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Т.Акун күч органдарынын аракеттерин сынга алды


Акыйкатчы Турсунбек Акун 5-августта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун кармалышы боюнча байкоо жүргүзүп, азыркы күч структураларынын аракетин Бакиевдерден аз гана айырмаланып жатат деп сынга алды. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, Балыкчыдан курултайга келе жаткан куралчандарды кармап, ал эми куралы жок адамдарды кармоонун зарылчылыгы жок болчу деген ойдо. “Булар албетте кан төгүп, адам өлтүргөн жок. Бирок жардыргыч заттарды, желим окторду колдонду. Бул жакшылыкты алып келбейт”, - деди Т.Акун. Акыйкатчы мында адамдардын эркин жүрүш жасоо, адам укугунун бузулушуна шек келди деп эсептейт. Ошондой эле ал У.Барктабасовго Бакиев учурунда козголгон кылмыш иши жабылышы керек деп эсептейт.

Президент Роза Отунбаева кечээ маалымат жыйында “өлкө парламенттик шайлоо алдында турганда, бийликти күч менен тартып алууга, кырдаалды курчутууга аракет кылган У.Барктабасовду кармоо туура болду” деп билдирген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG