Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Талиптерден запкы көргөн кыз АКШда дарыланат


Зөөкүр кайындарынан качып кеткени үчүн талиптер мурдун, кулагын кесип салган 18 жаштагы кыз Калифорнияда пластикалык операциядан өтөт. Биби Айшанын бети кескиленген сүрөтү «Таймс» журналынын биринчи бетинде жарык көргөн эле. "Гроссман Бөрн" кору билдиргендей, Айша 5-августта Лос-Анжелеске келип, азыр жергиликтүү тургундун үйүнө жашап жатат. "Гроссман Бөрт" борборунун директорлорунун бири жана пластикалык хирург Доктор Петер Гроссмандын айтымында, Айшаны дарылоонун чегинде ага жасалма мурун тагылып, же өз мүчөсүнөн алынган эттен кайра мурду калыбына келтирилиши мүмкүн. Борбор ооган кызды бекер дарылайт.

XS
SM
MD
LG