Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Москваны кайрадан түтүн каптады


Айланасында жапайы өрт токтобой жаткандыктан, Орусиянын баш калаасын кайрадан түтүн басты. Абанын булганышын көзөмөлдөгөн "Мосеок-мониторинг" кызматы билдиргендей, кычкыл көмүртектин же истин деңгээли ден соолукка зыян келтирбей турган деңгээлден беш эсе көп болуп жатат. Айдоочулардын көбү күндүз да унаанын жарыгын күйгүзүп жүрүүгө мажбур, шаар тургундары көчөдө бет кап тагынып жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт Орусиянын борборунда дагы деле жайылып жаткандыгын эскертти. Ысык аптап алдыда дагы бир нече күн уланары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG