Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Түркмөнстан студенттеринин Кыргызстанга кайтып барышына тоскоолдук кылууда


Июндагы улут аралык жаңжал учурунда Оштон Түркмөнстандын 650дөй студенти чыгып кеткен эле. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн чыгышындагы Лебап облусунан. “Азаттык” радиосунун Түркмөн кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү чиновниктер студенттерден окуусун улантуу үчүн Кыргызстанга кайтып барбоо жөнүндө тил кат жазып берүүсүн талап кылышкан. Студенттердин ата-энелери өлкөнүн Билим берүү министрлигине кайрылып, бирок түшүндүрмө ала алышкан эмес. Көпчүлүк ата-энелер маселеге кийлигишүүсүн өтүнүп, президент Гурбангулы Бердымухаммедовго кат жолдошкон. Былтыр түркмөн бийликтери жүздөгөн студенттеринин Бишкекте, Борбор Азия Америка университетинде окуусун улантуусуна тыюу салышкан болчу.

XS
SM
MD
LG