Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Жалал-Абаддын мектептеринде абал жакшы эмес


Президент Роза Отунбаева 12- августта Жалал-Абад облусунда болгон иш сапарынын учурунда облустун билим берүү тармагынын башчылары менен да жолугушту. Жолугушууда ал облустун мектептери китеп менен 52 пайыз гана камсыздалганын билдирди. Облустагы шаар- райондордун билим берүү башчылары мугалимдер менен мектеп жабдууларынын тартыш, айлык акынын аз болгон маселесин көтөрүштү. Вице- премьер Өктөмхан Абдуллаева Базар-Коргон районундагы ата- энелер кооптонуп турушкандыктан окуучуларды мектепке автоунаалар менен ташуу маселесин козгоду.

Май-июнь айларындагы баш аламандыктардан кийин жаңы окуу жылына карата тынчсыздануулар жок эмес. Муну облустун шаар-райондорунун билим берүү чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушууда президент Р.Отунбаева да ырастады. Жогорку Кеңеш жоюлуп, президенттик администрация жана өкмөт аз сандагы кызматкерлер менен иштесе да, өлкө эл аралык уюмдардын колдоосуна муктаж.

Ал уюмдар убада кылган 1 миллиард 100 миллион доллардын көп бөлүгү казыналык тартыштыктарга жумшалат. Ушундай деген президент Р. Отунбаева облустун мектептери китеп менен 52 пайыз камсыздалганына кабатыр болуп, аралаш тилдүү мектептердин абалына кызыгуу менен жогорку окуу жайлардын студенттери окууларын парламенттик шайлоодон кийин улантаарын кошумчалады:

Жалал-Абад шаарындагы мектептер менен балдар бакчалары өкмөттөн, жергиликтүү казына менен ата-энелер берген каражаттар эсебинен утурумдук оңдоолордон өттү. Шаардык билим берүү башкармасы Чырмаш Сапаров жыйындагылардын көңүлүн мугалимдердин тартыш маселесине бурду.

Аксы районунда бир мектеп менен бир балдар бакчасы ишке жараксыз. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Анаркул Шырдаковдун айтымында, Аксыдагы аралаш мектепте өзгөчө көйгөй жок:

Облус борборунан өтө ыраак турган Чаткал району мугалимдерди сырттан окутуп даярдап алууга муктаж болууда. Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ызан Кудайбердиев бул көйгөйдү мугалимдердин жетишсиздиги жана жаш адистердин шарты катаал аймакка барбаганы менен түшүндүрдү.

Облустун бүтүндөй мектептери өңдүү республикалык казынадан каражат берилбегендиктен Чаткалдагы мектептер 300 тоннанын ордуна 47 тонна көмүр алышкан.

"Эски мектептерде кулап калуу коркунучу бар. Мектеп жабдуулары да тартыш", - дейт Ызан Кудайбердиев.

Сузак районунда курулушу мурда башталган он мектеп бүтпөй турат. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо семинарына 600 мугалим катышты. Райондогу окуучулар 22 мектепте аралаш тилдерде, 15 мектепте өзбек тилинде окутулат.

Июнь айында чыр-чатак болгон Базар-Коргон районунда окуучулар мектепке толугу менен бараарына ишенгенин аймактык билим берүү бөлүмүнүн башчысы ырастады. Анын белгилешинче, район борборундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак мектептин абалы оор. Эскирген мектепти оңдоого чет элдик уюмдар да акча берүүгө кызыкдар эмес.

Аймактагы ата-энелер өз чочулоосун вице-премьер Ө. Абдуллаевага да билдиришкен. Ал аралаш тилдүү мектептерде коопсуздук кызматын түзүү жана Базар-Коргон районундагы окуучуларды мектепке автоунаалар менен ташуу маселесин көтөрдү. Ал үчүн маршруттук тизмелерди тактоо абзел.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG