Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу боюнча декрет чыкты


Убактылуу өкмөт кабыл алган Декретте мурунку президент Аскар Акаев элге карата ок атууга жол берүү, кыргыз жерлерин Кытай, Казакстан мамлекеттерине берүү, элдик референдумдар аркылуу бийликти узурпациялоо менен мыйзамдуулуктун чегинен чыккандыгы белгиленген. Кыргызстандын башкы прокуратурасына Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрүү, аны мамлекетке кайтарып алуу милдети жүктөлдү.

2005-жылкы март окуяларынан кийин Аскар Акаевге карата бир катар кылмыш иштери козголгон болчу. Бирок анын кол тийбестик макамы болгондугуна байланыштуу жоопкерчиликке тартуу маселеси ачык бойдон турган.

Мурдагы президент Аскар Акаев "Эхо Москвы" радиосуна берген интервьюсунда декретти мыйзамсыз антиконституциялык документ деп атады. Анын билдиришинче, жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, президентке жана мурунку президенттерге карата кандай чара болбосун ал парламент аркылуу гана кабыл алынат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда парламент жок. Ошондуктан ал өзүнө карата айып коюга эч кандай негиз жок деп эсептейт. (AzK)

XS
SM
MD
LG