Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Баткендеги мунай, газ чыгуучу жайлар “Өзбекмунайгаздан” Кыргызстанга кайтарылат


Мындай токтомго өлкө башчы Роза Отунбаева кол койгонун бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, “Чоң-Гара – Гүлчө” жана “Түндүк Сох” мунай, газ чыгуучу жайлар “Өзбекмунайгаз” Улуттук холдинг компаниясынын эсебинен Кыргызстанга кайтарылып алынат. Ошондой эле бул жайларды кайра иштеттүү үчүн инвесторлорду тартуу боюнча чечим чыкты. Токтомду ишке ашуусун көзөмөлдөө Президенттин админстрациясынын экономикалык өнүгүү, энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлгөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Баткендеги газ жана мунай чыккан бул жерлерди мурдагы Совт доорунан бери Өзбекстан иштетип келген. Аны Кыргызстанга кайтарып алуу маселеси эгемендик алган жылдардан бери чечилбей келе жаткан эле. Президент Роза Отунбаева жакында Баткен облусуна иш сапары менен барган учурда жергиликтүү калк кен чыккан бул жерлерди тез арада Кыргызстанга өткөрүп алуу маселесин койгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG