Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

АКШ менен Түштүк Корея жаңы аскерий машыгуу баштады


Түштүк Кореянын коргоо министрлиги менен АКШ армиясынын билдиргенине караганда, 11 күнгө созулуучу машыгууга Түштүк Кореянын 56 миң, ал эми АКШнын аймактагы жана башка жерлердеги 30 миң жоокери тартылат. АКШ менен Түштүк Корея өткөн айда эле аскерий машыгуу өткөргөн болчу. Тараптар ал машыгууну быйыл мартта Түштүк Кореянын аскерий кемесинин чөктүрүлүшүнө карата эки өнөктөш өлкөнүн берген жообу катары мүнөздөшкөн. Түндүк Корея 46 моряктын өлүмүнө алып келген бул окуяга тиешеси бар деген ырастоолорду четке каккан. Пхеньян ошондой эле АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгууларын ага кол салуу үчүн даярдык иретинде балап, буга каршы жооп чара көрөрүн эскерткен. Вашингтон менен Сеулдун айтымында, аларда Түндүк Кореяга кол салуу планы жок.

XS
SM
MD
LG