Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Бүгүн өкмөт каатчылыкка каршы планын аныктайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин катышуусунда өтө турган жыйында каатчылыкка каршы план дагы бир жолу такталып, бекитилмекчи. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, эксперттер, экономисттер катышат.

Буга чейин өлкөдөгү экономикалык абалды турукташтыруу, аны калыбына келтирүү максатында өкмөт кризиске каршы планды бекитип, ага президент Роза Отунбаева кол койгон болчу. Эсептөөлөр боюнча Кыргызстанга эң негизги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө 1 миллиард 200 миллион АКШ доллары керек болот. Кыргызстанга мындай ири суммадагы каражатты Азия өнүктүрүү кору, Дүйнөлүк банк, ЕврАзЭШтин кризиске каршы кору сыяктуулар бермекчи болушкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG