Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин саны эки миңден ашты


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын билдиришинче, Ошто чогулгандар шаардын мэри Мелис Мырзакматовду алып келип, элге көрсөтүүнү талап кылууда. Эгер бул талап аткарылбаса, алар өкмөттүн отставкага кетишин талап кыларын билдирип жатышат.
Буга чейин Оштун борбордук аянтына чогулган мэр Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери облустук бийлик имаратына кирүүгө аракет жасашып, бирок милиция аларга жол берген эмес. Чогулгандардын алдына чыккан Оштун биринчи вице-мэри Таалай Сабиров Мелис Мырзакматов азыр Бишкекте жогорку бийликтегилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгын бүгүн кечке жуук өзү кабарлаарын айткан. Президенттин маалымат кызматы азырынча Мелис Мырзакматовго байланыштуу кандайдыр бир чечим чыккан-чыкпаганы тууралуу эч кандай маалымат тарата элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG