Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри кызматында калды


Бул тууралуу вице-премьер министр Азимбек Бекназаров Ош шаарында борбордук аянтта чогулгандардын алдында жарыя кылды. Ал М.Мырзакматовго бир топ башка да кызматтар сунушталганын, бирок ал мэрдик кызматта калууну каалаганын кабарлады.

“Мен М.Мырзакматовду колдойм. Ал кыйын учурда мэрдик кызматты аркалап келди. Өзү бул ишти аягына чыгарам деп башка кызматтардан баш тартты. Аны кызматтан эч ким алган жок. Мен ушуну айтып коеюн деп келдим”, - деди А.Бекназаров. Ал дале болсо элди бөлгөн ар кандай ушактар, жалган сөздөр таратылып жаткан белгиледи.

Ал эми М.Мырзакматов чогулгандар алдында сүйлөп, эч жакка кетпей турганын, ишин улантарын айтты. Кадрларды мурдагы, азыркы деп, Курманбек Бакиев учурунда иштегендерди бөлүү туура эместигин белгиледи. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Эрнис Нурматов билдирди.

Бишкекте ага Материалдык резерв, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилик кызматтары сунуштулган.

Кечээ расмий Бишкек Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовду кызматынан алуу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу сөз тараган. Анын негизинде Мырзакматовдун тарапкерлери Оштун Борбордук аянтта эки күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышкан. Президенттик администрация бул жаңжал боюнча түшүндүрмө берген жок.

Июнь окуяларынан кийин Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовду эл аралык уюмдар жана коомчулуктун бир бөлүгү улутчул мамлекеттик кызматкер катары сындап келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG