Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Ажылык сапардын баасы арзандады


Быйыл зыяратчылар ажылык сапар үчүн 2400 доллардын ордуна эки миң доллар төлөшөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында “Кыргызстан жана Орто Азия Мусулмандар Конгресси” коомдук бирикмесиинин президенти Бакыт Нурдинов кабарлады. Анын айтымында, буга чейин ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык тутум орун алып келген.

“Мурунку бийлик учурунда Мекеге сапарды уюштурууда мамлекеттик мафия динге катуу аралашып, ортодо мамлекеттик-диндик коррупция кылмыштуу уюшкандык менен жыл сайын мусулмандардан 1-2 миллион долларлык акысын уурдап келишти. Аны сырттан президенттин жакын адамдары жана коррупционер аткаминерлер жетектеп, алар да өз үлүшүн алып турушкан”, - деди Б.Нурдинов.

Быйыл ажылык сапарын уюштуруу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылган. Буга айрым диний кызматкерлер нааразы болуп, мамлекет динге аралашпай турганын айтып келишет.

Кыргызстан үчүн Мекеге барып, ажылык зыяратын жасоочулар үчүн 4,5 миң орун бөлүнгөн. Алардын эки миңи аялдар болору жана зыяратчылар учак менен гана барары мурда айтылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG