Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Б.Жээнбеков: Ундун баасы 3-4 күндө калыбына келиши керек


Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда аталган агенттик Кыргызстандагы ун өндүргөн ишканаларга тапшырма берип, бааларды мындан бир ай мурдагы калыбына келтирүү тапшырмасын берген.

“Бүгүнкү күндө кымбаттого эч кандай негиз жок. Ун өндүргөн ишканалар буга чейин буудайды Казакстандан канча баада алса, азыр деле ошондой баада алып жатышат. Кошумча башка сарптоолор жок. Алар келечекте Казакстандан ири өлчөмдө буудай алып келишибиз керек. Ага чоң суммадагы каражатыбыз жок, ошондуктан сатып алуучулардын эсебинен чогултуп атабыз дегендей жүйөөлөрдү айтышты. Биз азыр ар бир комбинатка эскертүү берип жатабыз, - деди Б.Жээнбеков. - Эскертүүлөр аткарылбаса ошол компаниянын бир айлык кирешеси мамлекетке өткөрүлөт."

Цементке болгон баа да ушундай жол менен чечилмекчи. Анын баасы да акыркы күндөрү тоннасына жети миңге чыгып кеткен. Б.Жээнбековдун айтымында, учурда аны беш миңдин тегерегинде түшүрүү сүйлөшүлдү.

Соңку апталарда унга болгон баа кескин көтөрүлүп, килограммына 4-5 сом, бир мүшөгүнө 300 сом кошулганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG