Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

У. Барктабасовдун жактоочулары кармоо учурунда сабалган болушу мүмкүн


Акыйкатчы институтунун кызматкери Акылбек Сүйүнбаев Урмат Барктабасовдун эки жактоочусуна УКМКнын тергөө абагында кыйноолор болгон эместигин билдирди. Анын айтымында, акыйкатчы Турсунбек Акун тергөө абагынан жолугуп жаткан Акылбек Акунов менен Курманбек Сейталиевди 5-августта кармоо учурунда УКМКнын оперативдүү кызматкерлери сабаган болушу мүмкүн.

“Акылбек Акуновдун абалы жакшы эле экен. Өзүнүн жүрөк оорусу бар экен. Ал эми Курманбек Сейталиевдин денесинде көктөр бар экен,"- деди Акылбек Сүйүнбаев.

Акыйкатчы Турсунбек Акун УКМКнын убактылуу кармоо жайында жаткан Урмат Барктабасовдун эки жактоочусу катуу кыйноолорго кабылганын, алардын денесине оор жараттар келтирилгенин айтып, бул боюнча дүйнөлүк коомчулукка билдире тургандыгын эскерткен эле. УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” аларда кыйноолор тууралуу маалымат жок экендигин айтты. (AzK)

XS
SM
MD
LG