Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Кыргызстандык психологдорго орусиялык адистер көмөктөшөт


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей Орусиянын Сербский атындагы социалдык жана соттук психиатрия боюнча мамлекеттик илимий борбордун адистеринин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Алар 23-августан 27-августка чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы психикалык ден-соолук борборлорунун 20 кызматкерин “Өзгөчө кырдаалдарда психологиялык жана психотерапевтик жардам көрсөтүү” багытында окуудан өткөрөт. Орусиялык адистер кыргызстандык кесиптештерине июнь окуяларында жабыркаган адамдарга жогорку деңгээлде психологиялык жана психикалык жардам көрсөтүү боюнча да машыгууларды өткөрүп, тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG