Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

АКШ: Иранга уран байытуучу ишкананын кереги жок


АКШнын айтышынча, Ирандын биринчи атомдук станциясын Россия отун менен камсыздагандыктан, Ислам Республикасына уран байытуучу ишкананынын кереги жок. Мамдепартаменттин өкүлү Дэрби Холладейдин 21-августта билдиришинче, Ирандын Бушехр АЭСине Россиянын электр энергиясын өндүрчү реакторду куруп бергенин АКШ макул тапты жана реактор ядролук коркунуч туудурбайт деп ишенет.

Бирок АКШнын союздашы Израил Бушехр АЭСинин реакторуна отунду жүктөөнү “такыр макул болбос иш” деп санайт. Израилдин тышкы иштер министри өз билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту Иранга кысым жасап, уранды байытууну жана башка реакторлорду куруусун токтоттурууга чакырды.

Ишемби күнү Улуттар Уюмунун инспекторлорунун көзөмөлү астында Бушехр АЭСиндеги реакторго Россиядан келген атомдук отунду жүктөө башталган.

XS
SM
MD
LG