Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Бишкекте Ашым Жакыпбековдун китептеринин көргөзмөсү өтөт


Белгилүү жазуучу, акын, киносценарист жана манасчы катары таанымал Ашым Жакыпбековдун 75-жылдыгына карата “Шекерден Ааламга карай жол” деп аталган китеп-илюстрациялык көргөзмөсү Бишкектеги Улуттук китепканада 25-августта өтмөкчү. Анда жазуучунун жакындары, достору жана замандаштары катышып, чыгармалардан үзүндүлөр окулат. Бул тууралуу аталган китепкананын басма сөз кызматы кабарлады.

А.Жакыпбековдун биринчи китеби 1961-жылы “Жараланган көгүчкөн” деген ат менен чыккан. Ошондой эле ал “Кыйын багыт”, Шаа-Ата”, “Биз атасыз чоңойдук” деген сыяктуу терең-психологиялык повесть, аңгемелердин автору. (КЕ)

XS
SM
MD
LG