Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

“Кызыл жарым айдын” Түркиядагы өкүлчүлүгү Ошто оорукана курат


“Кызыл жарым ай” эл аралык уюмунун Түркиядагы өкүлчүлүгү Ош облусунда 100 орундук жаңы оорукананын курулушуна жана жабдылышына 5 миллион АКШ долларын бөлмөй болду. Бул тууралуу “Кызыл жарым айдын” Түркиядагы өкүлдөрү менен Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Саламаттыктын сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, каражат бөлүп жаткан уюм келген акчанын максатка ылайык колдонулушуна үмүт артарын билдирди.

Буга чейин да аталган уюм июндагы окуяда жабыркагандарга ар кандай гуманитардык жардамдарды көрсөткөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG