Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Р. Назаров: Кара-Суу районундагы айрым өзбек мектептерде кыргыз класстары ачылат


Кара-Суу районунун элдик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Рахмон Назаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, өзбек улутундагы ата-энелер балдарын кыргыз тилинде окутууга ниеттенип жаткандыктан, айрым айылдардагы өзбек мектептеринде кыргыз класстарын ачуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Ал буга чейинки райондун Правда айылындагы мектепте тажик тилиндеги класстар ачылбайт деген маалыматты четке кагып, быйыл мектеп тажик тилиндеги класстарга адаттагыдай эле окуучуларды кабыл аларын билдирди.
Кечээ Ош облусунун Кара-Суу районундагы тажик диаспорасынын жетекчиси Нажимидин Хамидов райондун Правда айылында мектептин директору тажик улутундагы биринчи класска барчу балдардын ата-энелерине быйыл тажик класстары ачылбай тургандыгын билдиргендигин кабарлаган. Быйыл Кыргызтандагы тажик мектептерин бүтүргөн 45 окуучу Тажикстандын жогорку окуу жайына өтүшкөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG