Сомалинин байтакты Могадишодо өкмөттүк аскерлер менен ислам козголоңчулары ортосунда болгон кагылышууда бери дегенде 20 жаран окко учуп, ондогон адамдар жарадар болду. Адаватчыларга каршы согушта Сомалинин батышчыл өкмөтүнө Африка Союзунун 6 миң аскери көмөктөшүүдө. Маалыматка караганда, уруш исламчыл “ас-Шабааб” группасы Могадишонун бир нече районунда аскерлердин барактарына кол салгандан кийин башталган. “Ас-Шабааб” радикалдык тобунун “ал-Каида” менен байланышы бар экени айтылып келет. Сомали 1990-жылдардын башынан бери ич ара согуштун кучагында.