Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанга берчү аскерий-техникалык жардамынын кечеңдешин кээ бир эксперттер Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу деп эсептешет. Айрымдары анын артында саясий көз караштар турат деген ойлорун айтышууда.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму июнь айында түштүктөгү этностор аралык жаңжалдан кийин атайын жана техникалык каражаттарды, тик учак бөлөөрүн билдирген. Бул маселе Ереванда өткөн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитинде да көтөрүлгөн менен ал жардамдын качан келери азырынча бүдөмүк бойдон калууда.

Кыргызстан июнь айындагы кандуу калаба күчүндө турган маалда аскер жардам сурап Орусияга кайрылган. Кийинчерек кырдаал саал турукташып калганда бул кайрылуу кайра кайтарылып алынган эле. Ошондон кийин Орусия да бул Кыргызстандын ички маселеси экенин белгилеген. Анткен менен Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салууга жана тополоң уюштуруп, чагым салгандарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин жар жалган.

Жакында Ереванда өткөн ЖККУнун бейформал саммитинде Кыргызстандагы кырдаал негизги маселе катары талкууланып, Кыргызстанга атайын аскердик техникалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү чечим дагы бир ирет колдоого ээ болгону айтылууда. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, учурда жардам көрсөтүүнүн жол жоболору аныкталып жатат:

- Жардам эки тармакта болот. Биринчи, эң негизгиси Кыргызстанга атайын техника менен жардам беришет. Андан тышкары гуманитардык жардамдар болот. Мурда айтылган маселелер боюнча да тактадык, көрсө техникалык параметрлери такталып атыптыр, бул кандай процедуралары менен берилет, ошонун баары такталып чыгыптыр. Эми буюрса айтылган жардамдын баары келет. Президент азыр күч органдарына тапшырма берди. Кудай буюрса, сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жерде мөөнөттөрү такталат.

Николай Бордюжа
Ошентип берилчү жардамдын мөөнөтү дале бүдөмүк бойдон калды. Бул жерде эки маселе болушу ыктымалдыгын эсперттер белгилешүүдө. Биринчиси, Өзбекстандын ЖККУнун Ереванда өткөн бейформал саммитине катышпаганы. Экинчи маселе - аталган уюмдун каржы маселесинде чөнтөгүнүн жука экени. Болбосо аталган уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа июнь айынын соңунда эле Кыргызстанга келген учурда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери уюмдун алкагында атайын жана техникалык каражаттарды, тик учак бөлүүгө макулдугун бергенин айткан болчу.

- Биз биринчиден, тартип коргоо структураларын атайын жана техникалык каражаттар менен камсыз кылууну туура көрүп жатабыз. Буга кошумча транспорт, башкача айтканда тик учак зарыл экени белгиленди. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн бардык президенттери Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды турукташтырууда тартип коргоо ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жардамдарды берүүгө макулдугун билдиришкен,-деген Н. Бордюжа.

Анткен менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бул жыйынга катышкан жок. Айрым эксперттер муну менен ЖККУ олтуруму Кыргызстан боюнча кандай чечим кабыл алса да Өзбекстан андан сырткары экенин билдирди деп эсептешет. Коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Алик Орозов келчү жардамдын кечеңдешинин артында саясий өңүт болушу ыктымалдыгын билгилеген:

- ЖККУнун жардамы да созулуп атат, саясий жагынан карап атат да. Орусиянын жетекчилери кандай чечсе ошондой болот. Алар өздөрү айтып коюп катуу аракет жасаган жок.

Орусиядагы маалымат-аналитикалык борбордун бөлүм башчысы, КМШ өлкөлөрү боюнча эксперт Алексей Власов бул чечимдин артында саясий көз караш турат деген пикирлерге кошулат. Анын айтымында, аскерий-техникалык жардам берүүдөн мурда Кыргызстандын ичиндеги кырдаал толугу менен иликтениши керек:

- Азырынча бул жердеги жакшы принцип зыян алып келбейт. Ошондуктан азырынча бардык чечимдер декларациянын деңгээлинде кабыл алынып жатат. Качан гана ЖККУнун жетекчилиги Орусия же Казакстан Кыргызстанда эмне болуп жатканы жөнүндө толук маалымат алганда гана сөздөн ишке өтүшөт. Өзбекстандын саммитке катшыпаганы бул Кыргызстанга берилчү жардамды бууйт дегенди билдирбейт. Ооба, бул жерде Ислам Каримовдун позициясы кандай болот, ошого да байланыштуу. Бирок Өзбекстан жалпы саясий процессти токтотууга барбайт деп ойлойм.

А.Власов Кыргызстанда күчтүү- харизматикалык лидер жок деп эсептейт. Анын оюнда Кыргызстанда ушундай фигура пайда болгондо гана Москва дагы, Астана дагы Бишкек менен ачык-айкын шартта сүйлөшө баштайт.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт, саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында ЖККУдан келчү жардамдын мөөнөтүнүн созулушана каражат маселеси себеп болууда. Ал Кыргызстанга жардам берүү маселесине Өзбекстан каршы чыгышы мүмкүн деп эсептейт. Ал ЖККУну олуттуу маселелерди чечүүдө чечкиндүү чараларга барбаган, кагаз жүзүндөгү гана уюм болуп калды деп сынга алды:

- Бул жерде саясий да, каржылык да маселеси бар. Орусияда жардам берип жибере турган бош каржылары жок. Бул жерде, албетте, уюмга мүчө өлкөлөр биригип, чогулуп туруп чечилиши керек. Өзбекстан жана башкалары деле каршы чыгат. Анткени Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын эч ким тааныбай койбоду беле. Бардыгы эле бул татаал маселе экендигине шекшип турат. Анын үстүнө бул кагаз жүзүндөгү уюм болуп калды.

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 14-июнда Москвада болгон мөөнөтсүз жыйынында Кыргызстанга аскердик күчтөр киргизилбейт деген чечим кабыл алынган эле. Анда Кыргызстанга ар түрдүү аскерий жабдууларды, аскердик техникаларды, тик учактарды, алардын күйүүчү май заттарын жана башка материалдык-техникалык мүнөздөгү жардам көрсөтүү жөнүндө бүтүм чыккан. Бул да азырынча ачык бойдон калууда. Айрым эксперттер Орусия башында турган ЖККУ уюму Кыргызстанга аскерий-техникалык жардам берип Өзбекстан менен мамилесин бузууну каалабай турганын белгилешет. Өзбекстан аталган уюмдун курамынан чыгып, кайра киргени да белгилүү. Ошентип Кыргызстанга атайын аскерий-техникалык жардам берүү боюнча саясий чечим кабыл алынган менен, азырынча гуманитардык жардамдар менен гана чектелүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG