Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Кечээ Эл аралык Кризистик Топ «Кыргызстандагы погромдор» деген баяндамасын жарыялады. Анда июндагы этникалык коогалаңдан кийин Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал дале кооптуу экени, борбордук бийлик ошол күндөрү да, азыр да түштүктөгү кырдаал боюнча көзөмөлгө ээ болбой жатканы айтылат.

Эл аралык Кризистик Топтун Брюсселдеги расмий өкүлү Эндрю Строехлейн «Азаттык» үн алгысынын кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

- Сиздер бул баяндамаңыздарда июндагы окуяларды «улуттар ортосундагы кагылышуу» эмес, орусча «погром» деп атадыңыздар?

- Бул - этникалык өзгөчүлүктөргө негизделген зомбулук, чабуул, ал анык эле өзбектерге каршы багытталган. Зомбулуктун деңгээли чоң болду. Ошон үчүн «погром» деген термин буга туура келет.

- Баяндамада кыргыз өкмөтүнүн айрым жергиликтүү органдары коогалаңда активдүү катышкан деп айтылыптыр. Конкреттүү түрдө ким жөнүндө айтып жатасыздар. Ал расмий адамдардын аттарын атай аласызбы?

- Жергиликтүү бийликтин айрым органдары же эч нерсе жасаган жок, же ушул болгон кандуу окуяларга катышты. Мисалы, айрым учурларда түштүктө иштеген коопсуздук күчтөрү «түрдүү адамдарга» курал-жарак таратканын, анан ошол куралдарды тизме боюнча кайра жыйнап алган учурларын баяндамада айттык.

Ачык эле айтса болот, айрым жергиликтүү бийликтин кишилери жана коопсуздук кызматынын адамдары бир жактан катышкан болсо, дагы бир жагынан өкмөт зомбулукка көзүн жумуп, кырдаалды көзөмөлгө алууга эч кандай кадам жасабады.

Баяндамада айрым себептерден улам расмий кызматкерлердин аты-жөнү ачык берилбейт. Коогалаңда уюштуруу жагынан жергиликтүү бийлик тараптан колдоо болгону анык. Азыр баарын так айтыш кыйын, ошон үчүн биз эл аралык көз карандысыз иликтөө болушун жактап, аны тез арада баштоого чакырабыз – бир эле Оштогу окуялар боюнча эмес, Жалал-Абаддагы майда болгон окуялар боюнча да иликтөө болушу абзел.

- Сиз азыр ал жаңжалга бийлик өкүлдөрү да катышканы жөнүндө айтып жатасыз. Борбордук бийликтеги жогорку кызматтагы адамдарды айтып жатасызбы же жергиликтүү деңгээлдеги расмий адамдар жөнүндө сөз болуп жатабы?

- Окуяларга кийлигишкен расмий адамдардын позициялары канчалык жогорку деңгээлде болгону ошол эл аралык иликтөө иштеринин негизинде аныкталышы ыктымаал. Бирок учурда чоң кызматтагы адамдар бул трагедияны токтотконго эч аракет көрүшпөгөнү анык эле болуп калды.

- HRW эл аралык уюму жакында жарыялаган отчетунда «коогалаңдын алгачкы сааттарында урушту өзбектер баштаган, андан кийин тараза кыргыздар жакка ооп, алар өч ала башташкан» деп жазган болчу. Эл аралык кризис тобунун бул баяндамасында да ошондой деп айтылыптыр. Демек, сиздер «жаңжалды өзбектер баштады» деген ойго кошуласыздарбы?

- Биздин баяндама коогалаңды ким баштаганын, ким күнөөлүү экенин такыр иликтебейт. Чын эле ушактар бат эле тарап кетти. Маселен, майдагы Жалал-Абаддагы окуяларды алсак, мурдагы президенттин үйүн өрттөгөнгө катышкандардын бири «өзбектерди колдойт» деген доо менен айыпталган. Бирок чын эле анын күнөөсү-жоктугу бир топ суроолор жаратат. Бирок Оштогу коогалаңдын башталып кетишине ушул окуя канчалык таасир эткени азыр анча маниге ээ эмес. Анткени андан кийин улутчул маанайдагы кыргыз саясатчыларды ушул окуяны зомбулукту баштоого себеп катары пайдаланышты. Көпчүлүк ушактар, маселен, жатаканадагы кыргыз кыздардын зордукталышы жөнүндөгү ушактар жалган болуп чыкты. Бирок ошол учурдагы мындай ушактар адамдардын жинин келтирип, кыргыздардын өзбектерге каршы чабуул коюшуна шарт түздү.

Негизинен, азыр жаңжалды ким баштаганын табуу эч нерсеге алып келбейт. Маселенин баары системалуу түрдө адам өлтүрүүгө, үйлөрдү өрттөп, талап-тоноп, погром уюштурганды ким колдоп, каржылаганында турат. Эл аралык иликтөө мына ушуга басым жасашы керек.

- Сиздер жергиликтүү бийликтин адамдары, коопсуздук күчтөрү элге курал тараткан деп жазыпсыздар. Муну эмне менен далилдей аласыздар?

- Биз баяндамада жазгандай, ал жерлерде иштеген коопсуздук күчтөрү атайын тизмелер менен жүрүшкөн. Алар ошол тизме боюнча курал-жарак алган адамдарды таап, андан мурун тараткан курал-жарактарды кайрадан топтоп алып жатышты. Аны биз отчетто баяндадык. Ушул жана башка фактылар бул өңдүү окуялар кайра кайталанбашы үчүн эл аралык иликтөө болушу зарыл экенин жана ал окуялардын баары кылдат текшерилиши керектигин айгинилейт.

Биз, ошол жерде жашагандар ал окуялардын негизги өзөгүн түшүнүшүбүз керек, анын бардыгы иликтениши зарыл: ким катышканын, ким себеп болгонун аныкташ керек. Эгер жаңжал кайра кайталанса, анын кесепети өтө оор болот. Биз буга жол бере албайбыз!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG