Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

“Альфа” тобунун командиринин жактоочулары пикетке чыгышты


Бул туурасында “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат кызматынын жетекчиси Рысбек Быкын уулу билдирди. Анын айтымында, УКМКнын алдына чогулган 150гө чукул кишинин алдына УКМКнын төрагасынын орун басары Көлбай Мусаев чыгып, аларды Бишкек шаардык сотунун алдына барып пикетин улантуусун өтүнгөн.

Учурда “Альфа” атайын аскер бөлүгүнүн командири Алмазбек Жолдошалиевдин иши боюнча сот жараяны УКМКнын имаратында өтүп жатат. Сот процесси бүгүн Бишкек шаардык сотунда өтмөк. Бирок белгисиз себептерден ал УКМКнын имаратына которулган.

Алмазбек Жолдошалиев 7-апрелде “Альфа” тобу Ак үй алдындагы ок атууга катыштыгы бар деген айыптоолордун негизинде жоопко тартылып жатат. Анын жактоочулары бул айыптоолорду четке кагууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG