Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Э.Рахмон чет жактагы медреседе окуган тажиктерди мекенине чакырды


Президент Эмомали Рахмон чет өлкөлөрдүн диний окуу жайларында окуган тажик студенттердин ата-энелерине кайрылып, өз балдарын кайра алып келүүгө чакырды. Мындай чакырыкты президент Рахмон тажик мамлекеттик сыналгысы аркылуу Ооганстан менен чектеш Хатлон областынын Фархор районунун жашоочулары менен жолгушууда айтты. Э.Рахмон ата-энелерден балдарын Тажикстандын диний мектептерине жиберүүнү суранып, ал эми чет өлкөлөрдүн медреселеринде окугандардын көбү «террорчу жана экстремист» болуп чыгууда деп айтты. Тажикстанда мамлекеттик диний мектептер аркылуу чет өлкөгө билимин улантууга жиберүү туура чечим экендигин өлкө башчысы кошумчалады.

Расмий маалымат боюнча 2 миңдей тажик студенттери Египет, Сауд Арабстан, Йемен, Иран жана Пакистандын медреселеринде окушат. Иш жүзүндө чет өлкөлөрдө диний билим алган тажик жарандарынын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG