Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кыргызстанда ундун баасы арзандай элек


Кыргызстандагы ири ун өндүрүүчү “Акун” ишканасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, мурда биринчи сорттогу 50 килограмм ундун баасы 700 сом болсо, учурда 900 сомду түзүүдө. Ал эми бир килограммы 19 сомдун тегерегинде болууда. “Бардык нерсе буудайдын баасына байланыштуу. Биз Казакстандан жогорку сапаттагы буудайды чек арага чейин тоннасын 245 доллардан алып жатабыз. Бир килограмм буудайдын баасы суу, электр энергиясы, айлык жана социалдык төлөм, салыктар менен 19 сомго айланат. Анан биз аны кантип 16 сомдон сатабыз?”, - деди Ч.Турсунбеков. Анын айтымында, соңку кездерде буудайдын баасы 100 пайызга, ундун баасы 45 пайызга өскөн. Ал эми “Яшар” ишканасынын бир кап уну 1050 сом болууда.

25-августта Монополияларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков ун чыгаруучу ишканаларга 23-августтан 25-августка чейинки аралыкта акыркы мезгилде килограммына 4 сомдон 7 сомго чейин кымбаттап кеткен ундун бааларын төмөндөтүү тапшырмалары берилгенин айткан эле. Коюлган талап боюнча 26-августтан баштап базарлардагы ун наркы кайра баштапкы калыбына келиши керек эле. Б.Жээнбеков ун өндүргөн ишканалар буудайдын тоннасын азыр деле мурдагы баада, тактап айтканда тоннасын 165 доллардан алып жатканын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG