Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Полициялык кеңешчи топ парламенттик шайлоодон кийинби?


Кыргыз элчиси Лидия Иманалиева жана ЕККУнун конфликтерди алдын алуу борборунун башчысы Херберт Зальбер Венадагы басма сөз жыйында. 2-сентябрь, 2010-жыл.
Кыргыз элчиси Лидия Иманалиева жана ЕККУнун конфликтерди алдын алуу борборунун башчысы Херберт Зальбер Венадагы басма сөз жыйында. 2-сентябрь, 2010-жыл.

Кыргызстан ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу өлкөдөгү ишин келерки айдагы парламенттик шайлоодон кийин баштоосу керек деп эсептейт. Расмий Бишкектин мындай турумун 2-сентябрда Венадагы маалымат жыйынында Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси билдирди.

Ошентип кыргыз коомчулугунда талаш туудурган маселенин биротоло чечилиши парламенттик шайлоодон кийин куралуучу өкмөткө калып жаткандай.

Кыргызстан жашыл жарык берсе эле кеңешчи тобун жайгаштырууга даяр экенин билдирген ЕККУнун жогорку даражалуу өкүлү сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн келерки аптада Бишкекке келген жатат.

56 өлкө мүчө ЕККУнун Венадагы баш кеңсесинде 2-сентябрда уюмдун Туруктуу кеңешинин кезектеги отуруму өттү, анда Кыргызстанга полициялык кеңешчи топтун баруусу боюнча талкуу жүргөн. ЕККУдагы кыргыз элчиси Лидия Иманалиеванын мына ошол олтурумдун алкагындагы басма сөз жыйыны учурунда билдиргенине караганда, “Кыргызстан ЕККУнун тобу (полициялык) өзүнүн Кыргызстандагы актуалдуу ишин парламенттик шайлоодон кийин баштаса жүйөлүү, пайдалуу жана ылайыктуу болмок деп эсептейт”.

Элчи Иманалиева кошумчалагандай, “деструктивдүү күчтөр бул долбоорду тынчтык орнотуу жана элдешүү боюнча аракеттер ийгиликтүү кетишине жол бербөө үчүн колдонушту”. Венадагы басма сөз жыйынга кыргыз элчиси менен катар ЕККУнун конфликтерди алдын алуу боюнча борборунун директору, элчи Херберт Зальбер да катышты. Уюмдун бул жогорку даражалуу өкүлүнүн “Азаттыкка” айтканына караганда, анын Бишкекке алдыдагы аптага белгиленген сапарында полициялык кеңешчи топко байланыштуу чечилбей жаткан маселелер талкууланат:

- Мен алдыдагы аптада Бишкекке барып, кыргыз тарап, кыргыз өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрөм. Полициялык кеңешчи топ жайгаша алуусу үчүн калган маселелерди чече алабыз деп ишенем. Кыргызстандын элчиси бүгүн шайлоодон кийинки мөөнөттү атады. Менимче биз мунун чоо-жайын иликтеп, жайгашууну мүмкүн болушунча эртерээк ишке ашыруу үчүн жакынкы келечекте эмне жасай аларыбызды карап көрүшүбүз керек.

Кол коюлбай жаткан меморандум

ЕККУнун жаңжалдарды алдын алуу боюнча борборунун башчысы “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, анын Бишкектеги сапары учурунда полициялык кеңешчи топтун Кыргызстанда жайгашуусуна укук берген негизги документ - өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоору да талкууланат.

Меморандум демекчи президент Роза Отунбаева ал документке азырынча кол кое электиги1-сентябрда ачыкталды. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин айтымында, мамлекет башчысы ал документке “качан Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына төп келгенде гана кол коет”. Өкмөттүн маалымат жана координация борборунун түшүндүрмөсүнө караганда, меморандумдун ЕККУ секретариаты тарабынан сунуш кылынган баштапкы долбоору кыргыз тараптын айрым суроолорун жараткан жана расмий Бишкек өзүнүн кээ бир өзгөртүүлөрүн сунуш кылынган. Ал өзгөртүүлөр ЕККУ миссиясынын жүрүү мөөнөтүнө, функциясына, анын мандатын токтотуу укугу кимде болоруна байланыштуу.

Мөөнөттүн чечимге таасири

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, полициялык кеңешчи топко каршы буга чейинки нааразылык акцияларын жана алдыдагы шайлоо менен байланышкан башка факторлорду эске алганда, мөөнөттү жылдыра туруу туура эле чечим:

- Бул компромисттик чечим болуп жатат окшойт. 10-сентябрда шайлоонун үгүт өнөктүгү башталат. Андыктан кырдаалды ырбатпаш үчүн ушундай кылып турганыбыз деле жакшы. Анын үстүнө азыр жалгыз эле легитимдүү президентибиз болсо, анда легитимдүү парламент келип, бийлик бекемделип калат.

Ал эми парламенттик шайлоодон кийин куралат деп ишеним артылып жаткан жаңы өкмөт ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунан такыр эле баш тартып коюшу мүмкүнбү? Биз бул суроону уюмдун жаңжалдарды алдын алуу боюнча борборунун башчысы элчи Херберт Зальберге узаттык.

-Азырынча кыргыз өнөктөштөрүбүз бул полициялык топ аларга керек экендигине ынандырып жатышат. Мен жокко чыгарбайм, биз келерки аптада парламенттик шайлоого чейин күтүш керектигибиз жөнүндөгү маселени да талкуулообуз мүмкүн. Биз кыргыз өнөктөштөрүбүз менен жалпы багытты табуубуз керек.

Кыргыз президенти Роза Отунбаева азыр мамлекет башчысынын жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын 2007-жылкы Баш мыйзамдын негизинде аткарууда. Парламенттик шайлоонун негизинде жаңы өкмөт куралгандан тартып, ал быйыл 27-июнда кабыл алынган жаңы Баш мыйзамдын негизинде иштей баштайт. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары чектелет. Эл аралык келишимдерге премьер-министр кол коет, президент муну өкмөт башчынын макулдугу менен гана жасайт. Андыктан эгер ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун келиши парламенттик шайлоодон кийинкиге калса жана ага чейин буга негиз берген укуктук документке кол коюлбаса, маселе боюнча акыркы чечим кабыл алуу вазийпасы жаңы өкмөткө жүктөлүүсү мүмкүн. Анда кандай чечим болот азырынча белгисиз.

“Кызыкчылыктар дал келген учур”

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, чечимди ким кабыл алган күндө деле полициялык кеңешчи такыр эле баш тартса, Кыргызстан утпайт:

-Баш тарткандан бизге кандай болот деген нерсени ойлошубуз керек да. Баш тарткандан биз эч нерсе утпайбыз. Милициябыздын профессионалдык деңгээлин жогорулатып алуу биздин өзүбүз үчүн эле пайда боло турган нерсе. Мамлекетке да, элибизге да. Тар чөйрөдөгү анча-мынча адамдардын жеке амбицияларына баш ийип, мындан баш тартканыбыз туура эмес болот. Андай болсо ЕККУнун кызматташтыгынан чыгып, баарынан баш тартайлы да.


Саясат таануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде кошумчалагандай, полициялык кеңеши тобун Кыргызстанда иштетүүгө ЕККУ да кызыкдар. Андыктан Кыргызстан ошол “кызыкчылыктар дал келген учурдан” пайдаланып калуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG