Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы адиси Талантбек Исмаиловдун билдиришинче, 2-сентябрга карата Базар-Коргон районунда жалпы өлчөмү 500 миң сомду түзгөн насыя 10 тургунга, Сузак району боюнча 300 миң сомдук насыя 6 тургунга бөлүнүп берилген. Аталган райондордун жана Жалал-Абад шаарынын насыядан баш тартып жатышкан 14 тургунуна 50 миң сомдон кайтарымсыз каржылык жардам берилген. Мындай жардам үчүн 700 миң сом сарпталган. Турак-жайларын калыбына келтирип жаткан тургундар үчүн Жалал-Абад облусуна 175 тонна көлөмдөгү цемент алынып келинген. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.