Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Өлкө боюнча 400 миң гектарга жакын аянтта дан эгиндери жыйналып алынды


Бул жалпы аянттын 78 пайызын түзөт. Айыл чарба министринин басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жыйналып алынган эгиндин 80 пайызга жакыны буудай. Оруп-жыйноо иштери Чүй өрөөнүндө дээрлик аяктап калды, ал эми Ысык-Көл менен Нарында жаңы башталып жатат. Жылпысынан оруп-жыйноо өнөктүгүнө 918 комбайн тартылган. Ал эми жашылча-жемиштин 60 пайызга жакыны, бакча өсүмдүктөрү 70, картошка 30 пайызга жыйналып алынган.

Аталган министрлик быйыл 800 миң тоннадан ашуун буудай жыйналарын, буудай таңкыстыгы болбой тургандыгын белгилөөдө. Кыргызстан калкына бир жылда жалпысынан миллион тоннадан ашуун буудай керектелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG