Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Бүгүн “Жаштар биздин келечегибиз” аттуу талкуу өтөт


Бүгүн Бишкек шаарындагы Борбор Азия америка университетинде “Жаштар биздин келечегибиз” аттуу тегерек үстөл өткөрүлмөкчү. Жыйынды аталган окуу жайдын Карьера борбору менен Бишкек ишкерлер клубу уюштурууда. Аталган иш-чаранын максаты – демилгелүү жаштар ишке ашырган ийгиликтүү өрнөктөр менен тааныштыруу, Бишкек ишкерлер клубунун жаштар канатынын пландары менен таанышуу болмокчу.

Талкууга чакырылгандар арасында Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев, Билим берүү жана илим боюнча орун басар министр Борис Кубаев, ЕККУ борборунун экономика жана айлана-чөйрө боюнча башкы кеңешчиси Фолкер Якоби өңдүү адамдар бар.

XS
SM
MD
LG