Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

Бүгүн үгүт иштери башталды


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөн саясий партиялар үгүт иштерин башташты. Борбор шаар Бишкектин чоң көчөлөрүндөгү көрнөк-жарнак такталарына, керме-тартмаларга саясий партиялар түнү бою өздөрүнүн жарнамаларын илип чыгышты. Ошондой эле гезиттер да бүгүнкү санында ар кыл партиялардын жарнамаларына орун беришти.

Башында 10-октябрда өтчү парламенттик шайлоого 57 партия катышуу ниетин билдирип, биригүү процессинин натыйжасында БШКга курултайларда бекитилген талапкерлеринин тизмесин жана тийиштүү документтерин 29 партия тапшырган болчу. БШК кечээки жыйынында акыркы беш партияны каттап, шайлоого 29 партия катыша турган болууда. БШК кечээки өз жыйынында “Эгемен Кыргызстан” партиясынын тизмесин шарттуу түрдө каттап, аталган партиянын тизмесиндеги каталарды иликтеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түздү. Маалыматка караганда талаш-тартыш жараткан бул партиянын төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков бир эле учурда “Туран” партиясынын мүчөсү экендиги аныкталган.

Үгүт иштеринин мыйзам чегинде өтүүсүн БШКда түзүлгөн атайын жумушчу топ көзөмөлдөмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG