Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Түркиядагы референдумдун жыйынтыгын Евросоюз, АКШ колдоду


Кечээки добуш берүүдө жактырылган конституциялык өзгөртүүлөр түрк армиясынын таасирин чектеп, акыйкаттык системасын реформалоого жол ачты. Алдын-ала эсептөөгө ылайык, 26 өзгөртүүнү, анын ичинде армияны жарандык соттордун алдындагы жоопкерчилигин көтөрүүнү караган толуктоону түрктөрдүн 58 пайызы колдоду. Добуш берүүгө келгендер 77 пайызды түздү. Оппоненттер бул өзгөртүүлөр саясий исламга ыктаган бийликтеги АК партиясынын таасирин күч алдырат деп чочулашат. Өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган референдумдун жыйынтыгын «Түрк демократиясынын жеңиши» деп баалады:

- 12-сентябр тарыхка түрк демократиясынын өнүгүшүндөгү бурулуш көз ирмем болуп кирет. Сиздер, да биз да ушуну эстеп калабыз. (1980-жылдагы аскердик төңкөрүш болгон) бул күн эми референдумдун аркасы менен тарыхтын жаркын күнү болуп калды.

Европа комиссиясы реформаларды «туура багыттагы» кадам» деп баалады. Бирок Биримдиктин Кеңейүү комиссары Штефан Фюле өлкөнүн демократиясын европалык суроо-талаптарга теңдештириш үчүн, жаңы конституция керектигин билдирди. Ак үйдө президент Барак Обама Түркиядагы демократиянын деңгээлине жогору баа берди.

XS
SM
MD
LG