Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Британ баш калаасында пакистандык саясатчыны өлтүрүп кетишти


Лондондо сүргүндө жашап жүргөн пакистандык саясатчы бычак жеп каза болду. Имран Фарук Пакистандын "Муттахида Куами" кыймылынын лидери болчу деп кабарланууда. Талиптерге каршы туруму менен белгилүү партия өзгөчө Карачи шаарында жана Синдх провинциясында популярдуу. Фарук Лондондо 1992-жылдан бери жашап келген. Кээ бир кабарларга караганда, аны Пакистан коопсуздук органдары олуттуу кылмыштар үчүн айыпташууда. Ал болсо кинени четке кагып келген. Фаруктун сөөгү бейшембиде шаардын көчөлөрүнүн биринде табылган. Лондон полициясы кылмыш боюнча тергөө баштады.

XS
SM
MD
LG