Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Камбар-Ата-2 ГЭСин курууда акча эсепсиз сарпталган


Эсеп палатасы тараткан маалыматка ылайык кылымдын курулушун курууда аткарылган иштин көлөмү менен ага сарпталган каражаттын айырмасы көп. Мындан тышкары ГЭСтин 1-агрегатын курууга бөлүнгөн акчанын натыйжасыз жумшалган. 2007-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүлгөн ишти иликтөө учурунда 1 млрд. 240 млн. сом ашыкча коротулганы ачыкталды. Эсеп палатасы мунун ичинен дээрлик 44 млн. сому кайра ордуна коюлгандыгын да маалымдайт.
Белгилүү болгондой Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегатын ишке киргизүүгө 9,5 млрд. сом сарпталганы кабарланган.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу 1976-жылы башталып, союз урагандан кийин токтоп калган. 2007-жылы күзүндө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен ГЭСтин 1-агрегатын куруу жанданып, үстүбүздөгү жылдын 30-августунда ишке киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG