Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Имран Фаруктун өлүмү анын партиялаштарына сокку болду


Сүргүндөгү пакистандык саясатчы Имран Фарукту Лондондогу үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишти.
Маркум Пакистандын Муттахида Куами кыймылынын лидери болчу. Карачи шаарында жана Синдх провинциясында абройу күчтүү бул партия талиптерге каршы бекем позициясы менен белгилүү. Кыймылдын жооптуу кызматкери Мухаммед Анвар: “Биздин үрөйүбүз учту. Биз кабыргабыз майышып, эс-учубузду таппай отурабыз. Биз эч качан Лондондо мындай апаат иш болот деп ойлогон эмеспиз,”-деди.

Имран Фарук, маалыматтарга караганда, Лондондо 1992-жылдан бери жашап жаткан. Пакистан бийликтери Фарукту бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп, бирок камакка алган эмес. Айыптоолорду саясатчы өзү куру жалаа деп атаган.

Быйыл августта Муттахида Куами кыймылынын парламенттеги мүчөсү Реза Хайдар киши колдуу болуп өлгөндө, Карачиде этникалык кагылышуу чыгып, көптөгөн адамдардын каны төгүлгөн жана ондогон адамдар жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG