Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Пакистанда учкучсуз учак согушкерлерди жок кылды


Өлкөнүн түндүк-батышында америкалык учкучсуз учактын соккусунан беш согушкер жок кылынган. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, сокку Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазирстан аймагында, согушкерлер жашырынган үйгө жасалган. “Ассошейтед Пресс” агенттиги билдиргендей, учкучсуз башкаруудагы америкалык учактар аймакты ушул ай ичи эле 14-жолу аткылашты. Түндүк Вазирстандагы согушкерлер маал-маалы менен Ооганстан аймагына өтүп, НАТОнун күчтөрүнө кол салып турат.

XS
SM
MD
LG