Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Швеция: ашынган улутчулдар парламентке келет


Бул ирет ашынган улутчулдар биринчи ирет мындай жеңишке ээ болду. Жекшембиде өткөн шайлоодо бийликте турган премьер министр Фредрик Рейнфельдом жетекчилик кылган центристтик-оңчул коалиция көп орун алды. Ал эми ашыккан улутчул, Швецияда европалык эмес улттарды чектөөгө чакырган швециялык демократтар партиясы 20 орун алды.
Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча Христиан-демокарттар, либералдар жана Борбордук партия кирген коалиция парламенттеги 349 орундун 172 ээледи. Ал эми абсолюттук көптүктү алууга 3 мандат жетпей калды. Оппозициялык топко кирген социял-демократтар жана солчулдар партиясы, жашылдар партиясы 157 орун алды.

Швед парламенти 4 жылга шайланат, парламентке келүү үчүн партиялар 4% тоскоолдукту өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG